www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындан кийин форма-2 Кыргыз өлкөсүнүн чегинде пайдаланылбайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
"Форма-2 боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, өлкөнүн аймагынан тышкары жүргөн жарандар гана форма-2 боюнча добуш бере алышат. Бирок шайлоо күнү коомдук тартипти көзөмөлдөгөн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жана байкоочуларга өздөрүнүн шайлоо тилкелеринен тышкары добуш берүүгө уруксат берилет. Калган категориядагы жарандар өз шайлоо тилкелеринде добуш беришет" , - дейт Бекматов.
Булак: NazarNews.kg