www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айданбек Акматов: «Курулушту куураткан коррупция»

Өнүгүүнү, курулуш тармагын колдоону көздөгөн өлкөлөрдө коммуникацияга туташууну мамлекет өзү чечип берет. Мындай пикирин журналист Айданбек Акматов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Курулушту куураткан жагдай...

Өкмөт башчы Улукбек Марипов курулуш тармагынын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган жагдайларды четтетүүнү ТАПШЫРДЫМ дептир. Мариповго президент Жапаров ТАПШЫРСА керек. Марипов дагы төмөнкүлөргө тапшырды. Алар да алып барып тапшырат...

Ал эми курулуш тармагына тоскоолдуктун башкысы-инфраструктурага туташуу кыйынчылыгы. Газга, электр энергиясына, канализация, жылытуу, ысык суу, муздак сууга...

Мына ушуларга туташуу үчүн ар бир жерде пара бермей. Албетте, мындан сырткары уруксаат алмай азабы бар.

Өнүгүүнү, курулуш тармагын колдоону көздөгөн өлкөлөрдө коммуникацияга туташууну мамлекет өзү чечип берет. Суусун, газын, электрин мамлекет өзү алып келип берет...

Кыргызстанда да курулушка уруксат берилүү менен бирге коммуникацияга туташуу маселеси автоматтык түрдө чечилиши керек. Мүмкүн, кандайдыр бир акы менен. Легалдуу түрдөгү...

Мына ошондо коррупцияга да чек коюлат. Курулуштун өсүшүнө да жол ачылат», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости