www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Айданбек байке,  экономикалык амнистиянын шылтоосу менен Раимбек Матраимовду 2 миллиард сом  төктүргөн. Эмне үчүн камакка алып коюшту? 
- Райымбек Матраимовдун айланасындагы иштер саясат болуп калды. Матраимовдун жардамы керек болуп жатканда Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев аны менен келишимге барып, 2 миллиард сом төлөтүп, кепилдик берип, октябрь окуялары учурунда бийликти колго алууда абдан пайдаланышты. Андан кийин президенттик шайлоо мезгилинде да абдан пайдасын көрдү. Райымбек Матраимов алардын сөзүнө ишенип, 2 миллиард сом төлөдү. Эл алдында да кандайдыр бир деңгээлде реаблитацияланам деп ойлоду. Бирок андай болбоду. Райымбек Матраимов фактору Сооронбай Жээнбековго кандай каршы иштесе, Жапаров жана Ташиевге да ошондой каршы иштей баштады. Ошондуктан эки дос Матраимовду камакка алууну чечти. Бул саясат.

- Айрымдар Кыргызстанда Раимбек Матраимовчолук бай адам же анчалык мамлекетке зыян келтирген адам жоктой сүрөттөп жатышат го?

- Кыргызстанда Райымбек Матраимовдон көп зыян кылгандар бар. Кумтөрдү, Жерүйдү саткан жексурлар кыргыз элинин байлыгын, келечегин бүтүндөй сатышты. Миллиарддаган доллар байлыктар кетип жатат. Бажы тармагында да Матраимовго чейин эле коррупциялык схемалар түзүлүп, “Кошелек” дегендер болгон. Анын үстүндө тургандар, көпкөндөн Бишкектен туруп Таласты башкарган губернаторлор болгон...

- Жаңы бийлик Матраимовдон  каражат өндүрүү максатында камап жатабы же анын таасиринен кооптонуп камоого аргасыз болуштубу?

- Жаңы бийлик жогоруда айткандай саясий максатта камап жатат. Коомчулукта Райымбек Матраимовго каршы пикир күчтүү. Аны бөкөчө катары колдонуп, азыркы бийликтин аброюн кетирүүгө аракет кылгандар бар. Ошондуктан алар Райымбек Матраимов менен түзүлгөн келишимди бузуп, аны камакка алууну чечишти...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости