www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмоктогу заводдон таптакыр кабар жок. Кара-Балтадагы заводко ашууларды ашып Кочкор-Атадан мунай ташылып, чала-чарпыт иштемиш болуп турат. Мындай пикирин жуналистАйданбек Акматов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Таласта мунай иштетүүчү завод

Алмамбет Шыкмаматов башында турган инвестиция тартуу боюнча агенттик биринчи жыйынын өткөргөнү кабарланды. Анда Таласта мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушу талкууланыптыр. Булар жөн эле жыйын өткөрүмүш болдубу же билгени, эсеби барбы?

Анткени, мунай кайра иштетүүчү завод үчүн биринчи кезекте мунайдын өзү болуш керек. Таласта мунай табылдыбы?

Казакстандан мунай алабыз дегендей айтышыптыр. Казакстан чийки мунай сатабы? Сатышы абдан күмөн.

Мына, Кара-Балта, Токмокто мунайды кайра иштетүүчү заводдор курулду. Казакстан, Россия чийки мунайын алып, иштетебиз деген кыялда. Эмне болду?

Токмоктогу заводдон таптакыр кабар жок. Кара-Балтадагы заводко ашууларды ашып Кочкор-Атадан мунай ташылып, чала-чарпыт иштемиш болуп турат.

Казакстан, Россия чийки мунай бербейт. Аларда өздөрүнүн мунай кайра иштетүүчү заводдору жетиштүү...», - деп белгилеген ал.

Эскерте кетсек, буга чейин «Темирлан-Ойл» ачык акционердик коомунун башкы директору Мухит Оразбаев Кумкөл (Казакстан) мунай кенинин чийки затында негизделген кайра иштетүүчү заводду Талас облусунун «Маймак» эркин экономикалык аймагында жайгаштырууну сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости