www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жергиликтүү шайлоодо ыплас ыкмалар кайрадан колдонулушу ыктымал деген кооптонуусун билдирди. Бүгүн, 28-февралда депутат Telegramm каналы аркылуу Бишкекте жашабаган адамдарды шаарга каттоого тургузуп жатышканы тууралуу маалыматы бар экенин билдирип, бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына кайрыларын айтты.
«Азыр айылдардан шаарга алып келип, каттоого тургузуп, добуш бердиртүү аракети көрүлгөн учурлар бар экенин билем. Бул форма №2 эмес, жөн гана кайра каттоо. Ушуга байланыштуу Мамкаттоого кайрылып, маалымат алганы жатам. Себеби акча менен адамдарды шаарга ташый башташканын угуп жатам. Мындай нерселерди көзөмөлгө алуу керек», - деп билдирген ал.
Белгилей кетсек, добуштарды жапырт сатып алуу 2020-жылдын октябрындагы кезектеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгышын жана өлкөдө бийликтин алмашуусун шарттаган.
Эске салсак, быйыл 11-апрелде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке шайлоо болот.
Булак: NazarNews.kg