www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Айданбек Акматов менен өкмөт мүчөлөрүнүн Мухаммедкалый Абылгазиевди узатуу иш чарасы боюнча баарлаштык.

--Айданбек мырза, Мухаммедкалый Абылгазиевди өкмөттө иштеген кызматкерлердин баары топурап узатканы коомчулуктун сынына кабылды. Баары чыгып, кол чаап узатканы ага болгон сыйбы же кошоматчылыкпы?

--Бул биринчиден, белги. Демек, Абылгазиев жана жыштыкка байланыштуу козголгон кылмыш иштерде жылыш болбойт. Жогору жактан Абылгазиевди жакшылап узатып койгула деген тапшырма болгон, ошону жабыла аткарышып, жылуу-жумшак узатышты. Абылгазиев эми шашпай парламенттик шайлоого даярданып, депутат болууга кам көрө берсе болот.

--Неге пандемия учурунда өкмөттөгү кызматкерлер Абылгазиевди узатууда маска тагынып, аралыкты сактап,  эрежелерди сакташкан жок?

--Бул окуя “молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” деген же “молдо билип туруп сууга с..т” деген макалдарга төп келген окуя болуп калды. Бул нерсе калк ичинде өкмөттүн аброюна абдан катуу сокку урду. Буга чейин парламент жана андагы төрага баш болгон айрым сабатсыз депутаттар калктын эң курч сындарына жана мазагына туш болуп жатса, эми ал өкмөткө өттү. Өкмөт жана анын аппаратынын кызматкерлеринин аралыкты сактабастан беткапсыз жабыла чыгып Абылгазиевди узатуусу, сүрөткө түшүүсү – алардын жоопкерсиздигинин белгиси. Өздөрү 3-4 айдан бери беткап тагынгыла, аралыкты сактагыла, үйдөн чыкпагыла деген чектөө, сунуштары түккө турбашынын көрүнүшү.

--Эми эрежени сактабаганы үчүн Абылгазиевди узаткан өкмөттүн аппаратындагыларга  айып салынышы керекпи?

--Сөзсүз салыныш керек. Мыйзам баарына бирдей болушу керек.

--Булардын эрежени эске албаган аракети пандемиянын кооптуулугу жок дегенден кабар бербейби?

--Пандемия боюнча ар түрдүү пикирлер айтылып жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жооптуу кызматкери Мариа Ван Керхов вирус алып жүрүүчү, бирок симптомдору байклабаган адамдардын вирус жуктуруусу минималдуу деп жарыялады. Бул пандемия тууралуу көптөгөн маалыматтарды күмөнгө салат. Кыргыз өкмөт мүчөлөрү жана аппарат кызматкерлери мүмкүн мына ушул чындыкты билишет. Коронавирус иммунитети төмөн, бир катар оорулары барларга, жашы улгайган адамдарга оор тиерин да билишет. Ошондуктан коркпостон ачык жүрүшөт. Бирок элди коркутуп, базарды жабабыз, шаарды жабабыз деп опузалап отурушат. Бишкек шаарынын мэринин аппарат башчысы Балбак Түлөбаевдин “Өзүңөрдөн көргүлө. Шаар жабылат” деп дөөгүрсүгөнү мына ошонун бир мисалы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости