www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 18-июнда Бишкек шаарынан Ош облусунун Ноокат районуну тургуну, 1964-жылы туулган К.Т. кармалып Ош шаарына алынып келинди. Ош шаарында бул аялдын үстүнөн арыздануучулар көбөйүп баратканынан улам, мындан эки жума мурда Бишкек шаарына качып, изин жашырууга аракет жасаган.
Учурда сүрөттөгү аялдын үстүнөн Ош шаарынын 11 тургунунан арыз түшкөн. Оперативдүү кызматкерлердин айтуусуна караганда бул аялдан жабыркагандар башка район, шаарларда дагы болушу мүмкүн. Жабырлануучулардын айрымдары бул аялды «Айчүрөк», «Рахат» деп дагы таанышкандыгы белгилүү болду. Анткени, айрым учурларда өз атын жашырып жалган маалыматтарды дагы берип жүргөн. Айрым учурда адамдарды ишендирүү үчүн «туулганда кудайдын мөөрү менен төрөлгөнмүн» деп денесиндеги татуировканы көрсөтүп турган.
"Арыздануучулардын арыздарына карап элибиздин арасынан ушунчалык ишенчээктердин бар экенине аргасыз таң калууга тура келет. Жабырлануучулардын эң азы 10 миң, эң көбү 300 миңге чейин «бактысын ачүү үчүн» акча берген. Көпчүлүгү аял кишилер. Андан сырткары бул шектүү аял жабырлануучулардан акчадан сырткары алтын буюмдарын, кол телефондорунан бери алып турган. Бир жабырлануучу өз атынан кредит алып, толугу менен бул аялга бергендигин маалымдап жатат. Эң өкүнүчтүүсү айрым аялдарга «күйөөңдүн ойношу бар экен, акча алып келсең-жоготуп беремин» же болбосо «сенин бактыңды бирөөлөр байлаптыр, үйүңө окутулган буюм таштаптыр» деп, ири суммадагы акчаларын алып турган. Кардары канчалык бай болсо, ойлоп тапкан оорусу ошончолук оор болуп турган. Дагы бир жабырлануучу кой союп алып келип бергендиги тууралуу маалымат берүүдө.
Эң кызыгы «бактысын байлоо үчүн» окутулган буюмдар кээде жардам сурап келген кардарынын үйүнөн чыгып турган учурлары дагы болгон. Аны шектүүнүн адамдары алдын ала кардардын үйүнө таштап кеткендиги ачыкка чыгып отурат.
Учурда бул алдамчылыкка шектүү аял Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Эртең Ош шаардык соту баш коргоо чарасын карайт. Шектүү К.Т. мурда дагы алдамчылык беренеси менен соттолгону белгилүү.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмү кимде-ким бул аялдан жабыр тарткан болсо аталган бөлүмгө 0709-09-40-00, 0559-211-222 номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат жана мындай шылуундарга ишенбөөгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg