www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Бейшеналы Нурдинов коронавирус инфекциясын жуктурду. Бул тууралуу Kaktus.mediaга парламенттеги булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, эл өкүлүнө илдет кандай жол менен жуккандыгы азырынча белгисиз. Эми фракциянын аппараты, ошондой эле башка депутаттар COVID-19га карата ПЧР тестинен өтүшү керек. Андан кийин анализдин жыйынтыгын алганганга чейин депутаттар өзүн-өзү изоляциялашы зарыл.
Эске сала кетсек, Кубатбек Бороновдун өкмөтүндө биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган Алмазбек Баатырбековдун ордуна парламентке Нурдинов келген.
Буга чейин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу ооруп калган. Ошол эле учурда, депутаттар Каныбек Иманалиев жана Акылбек Жапаровдун ПЧР анализдери таза чыккан.
Булак: NazarNews.kg