www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаров толук обочолонууда. Жолукпайт. Кабыл албайт. Жыйын курбайт. Чек арадагы абал боюнча түз тапшырма бербейт. Жада калса Германиядан операция болуп келген досу Ташиевдин абалын сурап, колун кармабады... Мындай пикирин журналист Айданбек Акматов бүгүн, 23-февралда өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Лукашенкого бир режим, Жапаровго бир режим...

Жапаров Москвага сапарга даярданууда. Толук бойдон обочолонууга кеткен. 15-февралдан бери Жапаров эч кимди кабыл албайт, эч ким менен сүйлөшпөйт. Чек арада кырдаал курчуса да унчукпайт, барымтага жарандар алынды десе да көрүнбөйт. Кыскасы, Путиндин көзүн көрүү алдында «тазаланып» жатат. Сапар өзү 24-25-февралда болуш керек.

Бирок, бир нерсе таң калтырып, түшүнбөстүктү жаратып турат...

Путиндин коопсуздугуна, ден соолугуна өтө чоң маани берилет. Ал дүйнөлүк лидерлердин бири. Ошого жараша коопсуздук ж.б. чаралар каралат. Мына ошондой чаралардын бири катары Жапаров жана аны менен Москвага бара турган делегация толук обсервацияга алынды. Ар кандай контактар же байланыштар токтотулду.

Жапаровдун обочолонууда жатышын көзөмөлдөө үчүн Москвадан төрт дарыгер келгени да айтылууда. Булардын баарын жогоруда айтылгандай пандемия шартында Путиндин ден соолугуна кам көрүү деп түшүнсөк болгудай.

Бирок... Бирок кечээ күнү, 22-февралда Сочиде Путин Лукашенкону кабыл алды. Лыжа тептирди. Алты сааттап сүйлөшүү өткөрдү.

Ушу Лукашенко да Путинге жолугушуу алдында он күндөп же жумалап обочолонду бекен? Лукашенконун күн тартибин карасак, андай эмес экен.

Маселен, 16-февралда Лукашенко Минскиде «Мотовелозавод» боюнча жыйын өткөрүп, тийиштүү жетекчилерди дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук бергидей велосипед, мотоциклдерди чыгарасыңар деп зиркилдетип жатты.

18-февралда Григорий Рапотаны кабыл алып, орден тапшырды.

Путин менен жолугушууга жөнөр алдында, 19-февралда Лукашенко Купаловск театрынын артисттерин кабыл алып, маданият менен алпурушту...

Жапаров толук обочолонууда. Жолукпайт. Кабыл албайт. Жыйын курбайт. Чек арадагы абал боюнча түз тапшырма бербейт. Жада калса Германиядан операция болуп келген досу Ташиевдин абалын сурап, колун кармабады...

Бул эмне? Россия тараптан Жапаровго киргизилген жеке режимби? Же Жапаров өзү эле мамлекет мүшкүлүнөн «обочолонуп» алганыбы?

Коронавирус Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй дүйнөдө, анын ичинде Беларусь, Россияда да жүрөт го?», - деп суроо салган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости