www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак-Өргө жаңы конушундагы айлампа жолдо Subaru үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу катуу ылдамдык менен темир-бетондон жасалган түркүктү сүзүп алган. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге караганда, жол кырсыгы 23-февралга караган түнү Ахунбаев менен Кырк-Кыз көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Окуя болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Анда көрүнүп тургандай, автоунаа түркүктү сүзгөндө, ал унаанын үстүнө кулаган. Ошол учурда автоунаанын ичинде айдоочу болгону же чыгып кеткенге жетишкени белгисиз.

Кайгуул кызматынын маалымат катчысы Subaru үлгүсүндөгү автоунаа чыгыштан батышты көздөй Ахунбаев көчөсү менен бара жатканда айдоочу рулду башкара албай калып түркүктү сүзгөнүн билдирди.

Автоунаанын айып короосуна токтотулуп, жол кырсыгынын себептери такталып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости