Бишкекте 59 жаштагы Талант Мырзаев изделүүдө
Коом  |   |  408

Бишкек шаарында 1962-жылы туулган Талант Мырзаев аттуу жаран дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 21-февралда саат 16:00дө Көк-Жар конушундагы эжесинин үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал бир ай мурун инфаркт болуп, эс-тутумун жарым-жартылай жоготкон.

Эгерде сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, төмөнкү байланыш номерлерге кабарлап коюңуздар: Баласына (0558 252259) же кызына (0550 505504).

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями