www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте эмне көп? Унаа тыгыны көп. Унаа тыгыны бир эле жолдордун тардыгы же белгилердин жоктугунан эле эмес, ага айдоочулардын жеке күнөөсү дагы бар. Себеби, көп учурда унаанын рулуна отурган адам кадимки эле негизги жол эрежелерин да билбейт. Ал эми көлөмү чоң коомдук транспорттун айдоочусу жол эрежесин билбесе эмне болот? Тыгын ого бетер көбөйөт.
Ошондуктан, шаар жетекчилиги коомдук транспорттун айдоочуларынан экзамен алып, жыйынтыгында 343 айдоочунун ичинен 188и экзаменден өтпөй калган. Кыскача айтканда, азыр шаар калкын тейлеп жүргөн автобус, троллейбустун шопурларынын теңинен көбү жол эрежесин билбейт. Анан тыгын кайдан пайда болот деп отуруп калабыз.
Булак: NazarNews.kg