www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айгүл Молдокматова:

Күн карама сотторго боорум ооруду. Мындай пикирди камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматовдун бир тууган эжеси Айгүл Молдокматова айтты.   

--"Бүгүн чындап, күн карама сотторго боорум ооруду.

Өзүңүздөр билгендей иним Жеңиш Молдокматовдун иши боюнча шаардык сот карап, эч кандай негиздер, себептер окулбастан, сентябрь айына чейин камакта калтырылганын тез окуп чыгып кетишти, себебин өздөрү жакшы билет да, кайсы күнөөнү коёт? Койгон беренеси акылга сыйбаган, негизсиз болсо.

Демек соттор жана ага катыштуу адамдар чыныгы инсандык милдетин аткарбастан, күнүмдүк кызмат орду, жеке кызыкчылыгы үчүн буйрутма аткарып, бүгүн да чыныгы мекен үчүн, эл жер үчүн жаны күйгөн, күнөөсүз бир инсандын адамдык укугун тебелешти.

Дүйнөдөгү дагы бир эненин эмчегин зыркыратып, жүрөгүн оорутушту. Бирөөнүн жубайы, атасын сагынып күткөн аймончоктой периште балдарынын көз жашына, бир боор бир туугандарынын кайгысына, убалына калышты.

Кудай алдында ат көтөрө алгыс күнөөгө батып, бирөөнүн акысына кирип калышты!

Менин иним бүгүн болбосо башка күнү сөзсүз азаттыкка чыгат, себеби ал күнөөсүз адам!

Менин иниме силер болбосоңор да, Кудайым калыстык кылат, бирок бирөөнүн акысын жеп, бул абийириңер менен Кудай алдына кандай бараар экенсиңер... урматсыз соттор!", - дейт Молдокматова. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости