www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айрымдар айлыгынын канча экенин билбей олтурганда айрымдар очойгон айлыгына маашыркап, анан да «док» артканга өтө башташты. Карагыла, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жстекчиси Бактыбек Шамкеевдин эмне иш кылып олтурганын эч ким билбейт. 107 000 (жүз жети миң) сом айлык алат. Кошумчасы (премия), анан дагы тиги-бусу мснен 150 000 (жүз элүү миң) сом айлыкты айына алып, бюджетти кемирип олтурган Шамкеевдин эч кандай аракети байкалбайт. Шамкеевдин «шарапаты» менен үй-жайлуу болуп деле жыргап кете элекпиз...
Дегеле, бул тармактын эмне иш кылып жатканын аңдаган киши жок. Анан дагы Жогорку Кеңештин комитет жыйынында: «Мен 107 000 (жүз жети миң) сом айлык алам. Менин жасаган иштерим мындай айлык алганга жарашат» деп күпүлдөгөн. Эмне иштерди аткарып атканы боюнча кененирээк айтып берип койбойбу.
Же айтканга эки ооз сөзү жокпу? Же Шамкеев айлык алгандан башка иш кылбайбы? Деги ушул өңдүү бюджетти кемирген «келемиш» сыяктуулардан качан арылабыз?
Амантур Мусагул уулу
Булак: "Де-Факто"