www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2015-жылдагы парламенттик шайлоону утурлай “Кыргызстан” деген жалаң ишкерлерден турган партия түзүлгөн. Депутат болууну каалагандардын көбү биринчи Шакинин анан маселе чечип отурган Канат Исаевдин алдынан өткөн. Алар Каныбек Иманалиев менен Токон Мамытовду тизмеге кошушкан. Бирок, идеясы көп, “аны андай, муну мындай кылалы” деп чын дилинен партиянын кадырын өстүрүүгө киришкен Каныбек Иманалиевди Канат Исаевдин кыртышы сүйбөй калат. Сыягы, Шакинин көзүнө көрүнүп, ал лидер болуп, мен эч ким болбой калам деп кооптонсо керек. Бирок, канчалаган бийлик менен иштешип, кимдин дарамети канча экенин алыстан эле байкаган Каныбек Иманалиев Исаевдин кагып, силккенин көргүчө, кадырымды билген жерге барайын дегенби арызын жазып, “Ата Мекендин” алдыңкы катарынан орун алат. Канат Исаевдин ар кимди каалагандай калчаганы шайлоодо күч алат. Башкача айтканда, көп ишкерлер партия үчүн акчасын, убактысын коротуп, жыйынтыгында мандатсыз калышат. Алды соттошот. Аркасы кол шилтеп кете берет. Бирок, адамдын да убалы жаман окшойт. Көп ишкердин убалына калган Канат Исаев да Бабанов менен кызматташа коём деп камалып да калды. Эми дагы жылдызы жанып, Канат, Канат боло турган болсо, илгерки адатын карматпай, мурунку күндөрүнөн сабак алып, адилеттүү, калыс мамиле кылууну үйрөнүшү керек. Болбосо кудай адамды акылына келтирем десе жок жерден эле сыноо берип коёт экен го...
Булак: NazarNews.kg