www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада кайра карантиндик чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте март айында коронавируска кабылгандарын саны өстү. Коронавирустук инфекция 30-34 жаш курактагыларда 57.7%ды, 65 жаштан жогоруларда 29.6%ды, 18-29 жаштагыларда 9.2%ды, 15-17 жаштагыларда 0.8%ды, 14 жашка чейинкилерде 2.4%ды түзүүдө.

«30 жаштан жогору курактагылар — эл көп чогулган жерлерге көп баргандар. Тагыраагы, той-ашка барып, эс алууга чыккандар. Ал эми 65 жаштан жогоркулар өнөкөт оорулар менен каттоодо тургандар. Бир жашка чейинки балдардын арасында да бул дарт катталууда, көбүнчө жеңил өтүп жатат», — дейт Рыскулбекова.

Ал жарандарды санитардык нормаларды так сактап, жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости