www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-23-мартта ички иштер министри Улан Ниязбеков Өзбекстан Республикасына иш сапары менен барды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 23-март күнү Ниязбеков Өзбекстандын ички иштер министри Пулат Бобожанов менен расмий жолушту.

Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде кылмыштуулук менен күрөшүү, тергөө жана соттон изин жашырып качып жүргөн адамдарды издөө, чек арага жакын аймактардагы кызматташтык, кесиптик тажрыйбалар менен бөлүшүүнү колго алуу жана эки тарап тең кызыкдар болгон меселелерди талкуулашты.

Улан Ниязбеков Өзбекстандын ички иштер органдарындагы реформанын жүрүшү, ишмердүүлүккө заманбап маалыматтык технологияларды киргизүүнүн ийгиликтери, кылмыштуулукту азайтуу жана укук бузууларды алдын алуу багытында калк менен иштөөнүн натыйжалары менен таанышты.

Баарлашуунун жыйынтыгында тараптар тез арада жаңы деңгээлдеги кызматташууну ишке ашыруу үчүн узак мөөнөттүү чараларды кабыл алууну макулдашты.

Андан соң Улан Ниязбеков баштаган кыргыз делегациясы Ташкент шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Өзбек тарап коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жана алдын алуу, инспекторлордун ишмердүүлүгүн жакшыртуу, андан сырткары жол кыймылынын коопсуздугун комплекстүү башкаруу тутуму менен тааныштырты

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости