www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балдардын сүймөнчүгүнө айланган “Маша жана Аюу”, “Бемби”, “Айдан”, “Сүлүк курт” жана башка үч миңден ашуун мультфильмдерди башка тилден кыргызчага которуп, үн коштоп, балдарга тартуулаган таланттуу котормо режиссер Айнаш Ашированы теледен көрбөгөнүбүз менен үнүн баарыбыз эле угуп келебиз. Кырк жылдан бери экран артында эмгек кылган ар кыл талант ээси созолонто ырдап, сүрөттү да жакшы тартат.

-- Бир эле учурда бир нече кызмат аткарасыз, кесибиңиз өзүңүзгө жагабы?

-- Туура, котормочулук, үн коштоо жана режиссер жаатында эмгектенем. Мисалы, бир мультфильмде беш каарман болсо, бешөөнү беш башка үн менен коштогон учурлар болуп турат. Чыгармачыл адамдар сазга баткандай эле чыгалбай калат экенсиң. Бирок, өзүмдүн кесибимди абдан сүйөм. “Балдар – биздин келечегибиз” дегендей, балдар менен иштешүү мага өзгөчө ырахат тартуулайт. Балдарга арналган “Бөбөк, сенин жомогуң”, “Рабаят”, “Кечки жомок” ж.б. берүүлөрүндө иштедим. Учурда Роза Аманованын сунушу менен “Санат” телеканалында иштеп жатканыма төрт жыл болуп калды. Ал жерден эле үч жүзгө жакын мультфильмдерди котордум. “Гита, Зита” киносун кыргызчага которуп чыктым. Эми буюрса ар бир каармандарга жараша актёрлорду чакырып, кыргызча үн коштоону пландап жатабыз. “Ералаш” балдар көрсөтүүсүн “Аралаш” деген аталыш менен чыгарып жүргөм. Азыр эми “Келгиле бөбөк, күлөлү” деген берүүнү даярдап, балдарга тартуулап жатам. “Ананайка” деген көрсөтүүбүз бар. Ар кайсы региондордон ата-энелер “балабыздын туулган күнү эле, куттуктап койгулачы” деп суранышат. Ошол суроолор боюнча балдардын сүрөттөрүн чыгарып, куттуктап, андан соң мультфильм же ыр-бийлерди тартуулайбыз. Ошондой эле ата-энеси үйдө жок болуп калган кезде электр приборлоруна, газга тийишпей өз алдынча тамак даярдоо, апасына жардам берүү сыяктуу кеп-кеңештерди берген көрсөтүүбүз да бар.

-- Үч миңден ашуун мультфильмдерди которуптурсуз, жандүйнөңүзгө жакканы кайсы?

-- Негизи мага бүт эле каармандар жагат. Себеби, ар бирин жандүйнө менен берилип аткарасың да. Өзгөчө “Айдан”, “Сүлүк курт”, “Кумурска”, “Маша жана Аюу”, “Бемби” мультфильмдери жандүйнөмө жакыныраак. Бембинин өзүн, апасын жана коёнектердин үндөрүн мен коштогом. Бир убакта ар башка үндөрдү коштогонумдан улам, көпчүлүгү “үнүңүзгө өзгөчө кам көрөсүз го” деп таңкалышат. Бирок, мен муну Кудайдан берилген талант катары кабыл алам. Атайын деле үнүмө өзгөчө көңүл бурбайм. Азыр эми эркек адамдын үнүн коштогонго аракет кылып жатам. Буюрса, кинолордо эркек кишинин үнүн да коштоп калышым ыктымал. СССР убагында бий боюнча “Лауреат всесоюзного конкурса” деген наамга татыктуу болуп, бий жаатында балдарга сабак бердим. Андан кийин “Жылдын мыкты кызматкери” жана  “КТРдин мыкты кызматкери” аталып, медаль менен сыйландым. Ошондой эле көптөгөн диплом, грамоталарга ээ болдум. Учурда таланттуу балдарга сабак берип, шакирттерди таптап жатам.

-- Үнүңүздү өзгөртүп, тааныштарды тамашага салган учурлар болобу?

-- Ооба. Андай учурлар көп эле кездешет. Бир жолу кошунамды катуу тамашага салдым эле, азыркыга чейин боору эзиле күлөт. Ошондой эле телефондон да кээде тааныштарды тамашага салып калам. Көпчүлүгү тааныбай калышат (күлүп). Азыр туугандар билишет, “бул шүмшүк, экинчи ишенбегиле” деп күлүшөт. Жалгыз кызым бар. Кызым экөөбүз бирге турабыз. Ал дагы абдан таланттуу.  

-- Жалаң жаныбарларды жактырып, үндөрүн коштоп жүрөсүз, үй жаныбарларын багасызбы?

-- Мышыкты айта албайм, бирок мага күчүк аябай жагат. Шартка байланыштуу үй жаныбарларын бакпайм. Эң жакшы көргөнүм үй гүлү. Үйдө гүлдүн түрлөрүн өстүрөм. Ар бир гүлгө өзгөчө мамиле жасап, кадимкидей сүйлөшүп турам. Гүл деле сезимтал болот. Адамды жактырбаса куурап калат экен. Кызым “сүйүү гүлү” деп алып келди эле. Башында жалбырактары саргайып, ооруксунуп турган. Бапестеп багып атып, азыр ошол гүл бажырайып өсүп жатат. “Көпөлөк”, “Тикенек” аттуу гүлдөрүм бар. “Тикенек” деген  гүлүмдү тикенегине карабай кадимкидей өөп, сүйлөшөм. Жай-кышы дебей кызыл болуп гүлдөп турат. Ар бир гүлүмө жакшы сөз айтып, эркелетип өстүрөм. Ошондой эле тикмечилик жагына шыктуумун. Анча-мынча сүрөт тартып калмайым да бар.

Назима Жумаева

Булак: "Азия Ньюс"

 

Последние новости