www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 15-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде министр, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиевдин Коомдук кеңештин жаңы курамы менен жолугушуусу өттү.

Коомдук кеңештин  мүчөлөрү менен жолукканда Кашкар Джунушалиев Коомдук кеңештин алдына жооптуу тапшырмалар коюлгандыгын белгиледи. Эң башкысы-бул коомдук ишенимди жана жарандардын колдоосун камсыздоо, милиция менен коомчулуктун ортосундагы кызматташуунун натыйжалуу өнөктөштүк моделин калыптандыруу. Баарыбыз  жакшы  билгендей, жогорудагы тапшырмаларды аткаруу кыйынга турат, ошондуктан биз Коомдук кеңештин  активдүү иштешине ишеним артабыз”-деп белгиледи.

Министр, бүгүнкү күнү милициянын ишмердүүлүгүндөгү эң негизги принцип-ачык-айкындуулук болуп эсептелинээрин баса белгиледи. Кыргыз Республикасынын ИИМдин азыркы Коомдук кеңеши жарандар үчүн милиция кызматкерлерин жеткиликтүү кылууга, коррупцияны түп-тамыры менен жоюуга жана өлкөнүн коопсуздугун жогорулатууга көмөктөшөөрүнө биз толук ишенебиз. Кеңештин негизги тапшырмаларынын ичинен милициянын ишмердүүлүгү жөнүндө жарандардын сунуштары менен ой-пикирлерин каттоого активдүү катышуу, алардын кызыкчылыгын мамлекеттик бийликтин органдары менен жана коомдук коопсуздукту бекемдөө менен кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелери боюнча маанилүү чечимдерди  макулдашуу кирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө ички иштер министри Кашкар Джунушалиев 2018-жылдын жана 2019-жылы январь айындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы  менен тааныштырып, Коомдук кеңештин мүчөлөрүн 
республиканын жарандарынын, бийлик органдарынын, жарандык-коомдук инсттитуттардын коомдук маанилүү кызыкчылыктарын камсыздоого жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндөгү маанилүү маселелерди чечүүгө багытталган иштерди ушул жылы дагы улантууга чакырды.

Андан сырткары Кеңештин мүчөлөрүн   өздүк курамдын арасындагы мыйзамдуулукту сактоого көңүл бурууларын, терс көрүнүштөргө гана көңүл бурбастан калктын милицияга болгон ишенимин арттыруу үчүн  коомчулукту тартип сакчыларынын ишиндеги жагымдуу мисалдар жана өзгөрүүлөр менен дагы тааныштыруу керектигин белгиледи. Жогорудагыларды эске алуу менен кеңештин мүчөлөрү тиешелүү ыйгарымдарга ээ экендигин да  белгилегим келет. Алардын баш тажрыйбалары менен  активдүү жарандык көз караштары укук коргоо чөйрөсүндөгү маанилүү маселелерди чечүүгө жардам берээрине ишенем. 

Ошондой эле  менин көз карашымча азыркы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин маанилүү орду бар. Ал жарандардын алдында милиция кызматкерлеринин жагымдуу образын түзүүгө жана сый-урмат менен ишенимдин артында тартип сакчылары менен коомчулуктун мамилесин түзүүгө жардам берет.”-деп 
министр Кашкар Джунушалиев билдирди.

Жолугушууда жаңы курамды бекитүү тууралуу буйрук окулуп, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрүнө тиешелүү күбөлүктөр тапшырылды. Андан соң, добуш берилип, Кеңештин төрагасы, анын орун басары жана катчысы шайланды.

Бирдиктүү добуш менен Кеңештин төрагасы болуп Даутов  Ялкун  (К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, проректор), Кеңештин төрагасынын орун басары катары Касмамбетова Чинара (“Жол коопсуздугу" коомдук уюму, директор) шайланды. 

Андан  соң кеңештин катчысы болуп - Семембаева Айгуль (Кыргыз Республикасынын Соода-сатык палатасына 
караштуу Эл аралык сотунун  арбитри) бекитилди.

Кеңештин мүчөлөрү:

-Алыбаев Таалайбек (“Мыйзамдуулук жана адилетүүлүк”  Коррупцияга каршы комиссия коомдук уюму”);

- Байгубатова Уулкан (Солдаттардын энелери республикалык комитетинин төрайымы);

- Бардыбаев Айбек («Ала-ТВ» ЖЧКнын юристи);

- Бианки Маралбу («Мекен Шейиттери» коомдук уюмунун төрайымы);

- Зеличенко Александр (“Баңгисаясаты боюнча Борбор Азиядагы борбору” коомдук фондунун директору);

-Кочкарова Эристина (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу КМЮАнын Илимий ишмердүүлүктү уюштуруу жана инновациялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары );

- Мурат Шамиль (юрист);

- Фудашкин Виталий («Глобалдуу изилдөөлөрдүн эл аралык институту” коомдук уюмунун президенти);

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости