www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Коопсуз шаар долбоору ишке кирип, бир күндө тогуз жарым миллион сомдук айып пул жазылыптыр. Аталган долбоор элдин капчыгын кагуубу же айдоочуларды жол эрежесин сактоого аргасыз кылабы?

-Айдоочуларды адыраңдатпай айдоого аргасыз кылган коопсуз шаар долбоорун колдойм. Бирок, айып пулдардын өтө чоң суммада коюлганына каршымын. Эгер айып пулдарды арзандатып, элдин жашоо-шартын эске алышпаса, ушул долбоору менен өкмөт эл менен бийликти кайраштырып алат. Анткени, азыр жумушсуздуктун айынан көптөр  такси айдап үй бүлөсүн багышат. Тапкан каражатын балдарынын кем карчына жумшайбы же арзыбаган мыйзам бузуулар үчүн өкмөткө айып пул төлөйбү деген маселе жаралат. Бир күндө эле тогуз жарым миллион сом айып пул салына турган эреже бузуу катталса, бир айда ал акча 30 эсеге көп болот. Ошондо жарды өкмөт элдин эсебинен капчыгын толтуруп, иштеп жаткандай түр көрсөтүп жатабы? Бул долбоордун максаты айдоочуларды эреже сактоого аргасыз кылуубу же акчасын кагууга багытталганбы  деген ойго кептелип жатам.

Булак: "Фабула"

Последние новости