www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айнаш Токбаева кызматын тапшырууда

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева кызматынан кетүүдө. Буга байланыштуу Төрайым бүгүн коштошуу иретинде ExpertCafé өткөрүүдө.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө” мыйзамдын 19-1-беренесине ылайык Жогорку соттун Төрайымы 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт. Айнаш Токбаева Жогорку сотун Төрайымы кызматын 2015-жылдын 23-сентябрынан бери аткарып келди. Төрайымдыктан кеткени менен Айнаш Токбаева жаш курагы жеткенге чейин Жогорку соттун судьясы кызматын уланта берет.

Жогорку соттун Төрагалыгына кимдин шайланаары азырынча белгисиз. Кечээ парламентте Жогорку соттун судьялыгына Жаңыл Мамбеталы шайланды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости