www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  кол койгон Жарлыкка ылайык Осмонбетов Эмил  Кубатович Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацынын негизиндеКыргыз Республикасынын  Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Эске сала кетсек, депутат Рыскелди Момбековдун айтымында, 2012-жылы УКМК тарабынан Геология агенттигинин жетекчиси Учкун Ташбаевге жана 11 кызматкерине, алардын ичинде Эмил Осмонбетовго карата кылмыш иши козголгон. Депутат ошондой эле, Агенттиктин андан кийинки жетекчиси Ишимбай Чунуев ММКларга берген бир маегинде орун басары Эмил Осмонбетовдун “Мамгеологиядагы №1 коррупционер” экенин айтып, документтерди 2-3 айлап кармап жата бергендигин жана коррупциялык схемалар менен иштээрин кеп кылганын эске салды. Момбековдун маалыматында, Осмонбетов жумушунан сыналгы уурдоого аракет кылган жеринен күзөтчүгө кармалган.

Осмонбетов мунун баарын “кара пиар” деп атап, ага карата кылмыш иши кыскарганын билдирди.

Момбековдун “эгерде бул фактылардын баарын далилдесек, кызматтан кетесизби?” – деген суроосуна талапкер кетээрин билдирип убада берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости