www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Кыргызстандын жашоочулары!

Өрттү алдын алуу милиция кызматкерлеринин маанилүү иштеринин бири болуп саналууда. Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан өрттү алдын алуу жана эскертүүлөргө багытталган комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүп келүүдө. Алар: милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүүдө. ӨКМ жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирдиктүү алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча пландар түзүлүп,  элдер көп жайгашкан эс алуучу жайларда бир катар текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Көңүл ачуучу жайларды, соода борборлорун, коомдук тамактануучу жайларды иштетүүдө электр байланыштарына күч келип, өрттүн келип чыгуусунун себептери менен аны алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштери жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда жүргүзүлөт. Бул иштерди жүргүзүүнүн максаты Кыргыз Республикасынын калктуу аймактарында жана шаарларда өрт кырсыктарынын алдын алууга багытталган комплекстүү иштерди жүргүзүү болуп саналат.

Аталган иш-чараны өткөрүүгө ички иштер органдары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана башка кызыктар уюмдар менен түзүмдөр тартылмакчы.

Өрт-бул кырсык бирок, көп жарандар өрт учурунда өзүн кандай алып жүрүнү билбейт. Жадакалса бала чактан тааныш 101 номуру кырсык учурунда эске келбейт. Өрттү алдын алуу жана оор кесепеттерден сактануу үчүн бир катар жөнөкөй эрежелерди эске туту зарыл!

• Белги берүүчү каражаттарыды орнотуңуз. Бул каражаттар өрт жаңы башталганда белги берет. Өрт өчүрүчү шаймандарды камдап коюңуз, өрт өчүрүчү кызмат келгенче өрттү күчөтпөөнү алдын алат. Имарат замабап белги белгичтер менен жабдылышы зарыл: Кафе, ресторан ачкан биринчи күндөн баштап атайын журнал ачуу керек. Ал журналга өрт өчүрүчү шаймандарды абылын, иштөө абалын жазып туруу зарыл. Иштен чыккан шаймандардын абалын текшерип туру керек.
• Бир убакта электр кубаттоочко (сеть) бир канча электр шаймандарын кошуу, электр кубатоочко оордук алып келип, өрттүн чыгуусуна алып келүүсү мүмкүн.

• Электр шаймандарын кароосуз калтырбагыла. Үтүктөрдү, плиталарды, электрокаминдерди эмеректерге, пардалардын жана башка күйүүчү оокаттардын жанына жакын жерге орнотпогула. Үйдөн, соода түйүндөрүнөн, оюн-зоок борборлорунан, коомдук тамактануу жайларынан кетип жатканда электрдин өчүрүлгөнүн байкаш керек.

• Жарактан чыккан розеткаларды, ток өчүргүчтөрдү башка электр түзүлүштөрүн колдонбогула.

• Тиричилик химия буюмдарын колдонуу учурунда сак болгула. Дезодорант, аэрозол, нитро жана краскалар, эриткичтер-өрттөнүүгө шарт түзгөн корнунучтуу каражаттар. Аларды колдонуудан мурда эксплуатациялоо боюнча инструкциясын окуп чыккыла.

• Газ шаймандарын колдонуу учурунда аны кароосуз калтырбагыла. Эсиңизде болсун, жуулган кийимдерди газдын үстүндө кургатпагыла-ал күйүп кетиши мүмкүн.

• Керосин, бензин жана башка күйүүчү майларды темир жабык идишке куйгула.

• Самандарды, түктөрдү жана жеңил күйүүчү нерселерди чатырдын үстүнө сактабагыла.

• Ширенкени, зажигалканы, керосинди, бензинди балдар жете турган жайларга койбогула. Балдарды кароосуз калтырбагыла жана ширенке менен ойноого уруксакт бербегиле.

• Жаткан жериңерде чылым чекпегиле.

• Өрт чыккан имаратты түтүн каптаган болсо, ылдый эңкейүү менен тез арада сыртка чыгууга аракет кылыңыз. Түтүн каптаган имараттын ичинен эвакуациялоодо бетти жабыш үчүн нымдалган материал колдонуу керек.

• Эсиңерде болсун! Өрттү өчүрүүдөн мурда алдын алуу жеңил. Өрттөн сак болгула. Өзүңөрдүн жана жакындарыңардын коопсуздугун унутпагыла.

• ИИМ өрт коопсуздугун сактоону көзөмөлдөөнү күчөтүү менен тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге соода түйүндөрүнүн, оюн-зоок борборлорунун, коомдук тамактануу жайларынын, элдер көп жайгашкан жерлердин өрткө каршы коопсуздугунун нормаларын сактоону текшерүүнү күчөтөт. Андан сырткары, соода түйүндөрү менен калкты тейлөө обьекттеринин ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости