www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дилин төшөбөсө тилди үйрөнө албайт

Качан гана кыргыз тили кордук көрө баштаганда тимеле баарыбыз кыйын болуп кетебиз. Өйдө турбай эле жатып алып сындап кыйкырып калабыз. Ошол эле Бишкектин мэри ишин баштай электе алгач кыргыз тилин билет экен деген баага татыктуу болгон. Тилдин адебин берет деген комиссиянын бараандуу мүчөлөрү Азиз Суракматовдун тил билгени боюнча кепилдик бергени бар. Тилекке каршы өлдүр-сөлдүр тил билген шаар башчысы Курман айт күнү өзүнүн “мыктылыгын” айгинелеп укмуш “жеңишке” жетишти. Анын айтканын мындан ары лакап кылып алышаары деле калпка чыкпайт.

Негизи тил муктаждыктан улам үйрөнүлө баштайт, же болбосо дилин чындап төшөгөндөр сүйлөмөк тургай ырдап калышат. Маселен, орустун каны денесинде ойногон Юрий Бобков кыргыздын искусствосуна салымын башкаларга караганда эпсиз кошподубу? Ал тургай обон жаратып, кыргыздын ырларына жан киргизип, ошонун амири аркылуу эл артистигине жетти. “Ырдайлы кыргыз ырларын” деген долбоору болсо эбак элге сиңип, көрармандар сүйгөн теле берүүгө айланды. Сол колу менен комуз чертип, элдик дастандарды созолонткон өзбек уулу Азис Батыров болсо учурда балдарга сабак берип шаан-шөкөттөрдө кыргыздын күүлөрүн черттирип жатат. Акыркы кезде обондун артынан түшүп, алгачкы “ жемиштерин” угармандарга тартуулады. Чыгармачылыкка жүрөгүн арнаган бул өнөр ээсинин ийгиликтери али алдыда. Кубулжуган ырларды кыраатына келтирген уйгур Султан Каримовду ким тааныбайт? Кандай болгон күндө да кыргыз тилинин касиетине таазим кылып, кастарлаган башка улуттун өкүлдөрү өсүп-өнүгүп баратканы кубанычка бөлөйт.

Тилекке каршы өз эне тилинен уялган “киргиздер” да жок эмес. Айрыкча чоңдордун балдары ушинтип өз тилин чанып калышты. Алар англисче, корейче, кытайча сүйлөгөнүнө башы көккө тийип жүргөнү менен өз тилиңди билесиңби деп бөтөндөр сураганда мыш болорун да унутушпасын. Акыйкатында мен деп көкүрөк каккан чиновниктер, окумуштуулар, генералдар, ак үйдүн ичинде жүргөндөр оболу өзүлөрү мекенчил болушу, тилди жотосуна чейин жеткире билиши кажет. Бирок, кайсыл жетекчини албайлы, кыйратып үйүндөгү балдарына эне тилин үйрөтүүгө убактысын бөлгөн эмес. Дале болсо булар кыргыз тилине көздү жумуп мамиле кылышаары талашсыз. Кана кимисинин балдары ата, апа деп аташарын айтышсынчы. Баягыл эле оома папа, мама менен оозанып калышкан балдары. Баары орус мектептерде, лицейлерде, кымбат менчик мектепте окушат кыйраткансып. Мейли, алар билимдүү болушсун, а бирок, өз тилин чанып жатышканын нормалдуу деп эсептөөгө болобу?

Эмнеси болсо да кыргыз тилине басым жасалуусу мезгилдин өктөм талабы. Мамлекеттин башында тургандар муну катуу көзөмөлгө алуусу тийиш. Антпесек тилдин кунары кете берет. Улуттун өзөгүндө турган тилди бүткүл өлкөнүн ичине кеңири жайылтууга, окуу китептерине каражатты аябоого, балдарды бала-бакчадагы кезинен тилге тарбиялоого көңүл бурулуусу учур талабы. Дүйнөлүк алкактагы жыйындарда деле өлкөнүн жетекчилери өз тилибизде сүйлөсө неге болбосун, же бирөө төө матек алып жибереби? Англисче сүйлөп жагынуунун зарылдыгы жок. Керек болсо котормочу которуп берет. Ал ошол үчүн маяна алат, туурабы?

Кыргыз тилин мурда билбеген, башына күч келгенде гимнди түнү менен жаттаган депутат Пархат Тулендыбаев дурус маселе көтөрдү. Ал мындан ары балдарына да кыргызча үйрөнгүлө деп тапшырма берерине күмөн жаралбайт. Кыргызстанда жашап, Жогорку Кеңештин депутаты болууга, элге аралашууга көпүрө болуучу тилди барктоонун убактысы келди десек болобу? Айтор, кайта-кайта тилди безеп айта бербей сөздөн ишке өтсөк оң болмок. Айрыкча шаардыктарды тил билүүгө чакыралы, майнаптуу иш-чараларды өткөрөлү. Конкурстарды бир күндүк кылбай таасирдүү түргө салып уюштурууга аракетибизди чегерели. Кимдин керектүү пикирлери бар болсо бизге жазгыла, суроолор болсо кайрылгыла? Улутубуздун күзгүсү болгон тилибизге өзүбүздөн башка ким күйөт?

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости