www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаш активист, "Республика-Ата Журт" партиясынын жаштар канатынын өкүлү Данияр Абдыбеков фейсбук баракчасына Президент Сооронбай Жээнбеков боюнча өз оюн жазыптыр. Эч өзгөртүүсүз сиздерге сунуштоону чечтик. 

Президенттик шайлоо учурунда Өмүрбек Бабановдун тарапташтарына кылмыш иши козголуп Канат Исаев камакка алынып, дагы бир тобу куугунтукка кабылган. Ошондо иштин бүткөнү, мындай жол менен барсак эмне болот деген ой жаралган. 

Бирок Президентибиз Кудай деген киши экен, эл тарапта болуп, кылган иши коомчулуктан колдоо таап тегерегине иш билген кадрларды чогултуп баштаганы сүйүндүрдү.

Саясий куугунтуктар уланмак түгүл, сен Бабановго же башкага чуркагансың дебей туруп иш билгилине карап кызматга коюп жатканын айкөлдүк менен эл башкарууда деп түшүндүм. 

Ыйманы болгон үчүн өткөн нерсени кектебей алысты көрө билген киши экен. Көп нерсени көрүп билгендиктен интригадан алыс болуп иш үстүндө гана жүргөнү кимге гана жакпасын. 

Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш ишинин токтогону, президент тарабынан укук коргоо органдарына мыкты адистерди алып келгенин айгинелейт. Алар саясий заказды аткарбай реалдуу фактынын негизинде иштеп жатат дегенди түшүндүрөт. 

Президентибиз туура жол менен өз мөөнөтүн өтөй турган болсо тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калышы шексиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости