www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тарыхында жүргүнчүлөрдү ташыган авиакомпания алгачкы жолу жаңы учак сатып алууда. Буга чейин кыргызстандык авиакомпаниялар колдонулган эски учактарды гана сатып алып келген.

-- «Өндүрүүчүдөн түз учак сатып алуу — Кыргызстандын жарандык авиациясын жаңы бир тепкичке көтөрөт», — деп айтылат маалыматта.

Ага кошумча «Airbus A-220» учагынын салону жүргүнчүлөргө ыңгайлуу, борту кенен жана 145 орундугу бар болсо, «Airbus A-220» — бардык реактивдик учактардын ичинен үн добушу басаң чыккан жана азот кычкылын учурда адаттагы нормадан 50% төмөн бөлүп чыгарган Кыргыз Республикасындагы эң жаш учак экендиги жар салынды.
Баса, «Манас» эл аралык аэропортунун башчысы Бакыт Шаршеев менен «дос орун басары» Жолдош Токторбаевдин көздөрү «кыйшыкпы»? Эки чунак ээрчишип бири жетекчи, бири этекчи болуп «Манас» аэропортун ээлеп жатып калышты. 

Кызыгы, «Эйр Кыргызстан» «Эйр Манаска» айланды… «Эйр Кыргызстан» мамлекеттик компаниянын түбүнө жеткен эргулдар «Манасты» кыйратабы? – деген макала жазып чыкканбыз, арадан көп өтпөй эки дос, «Air Manas» авиакомпаниясы учак сатып алганын жар салды.

Баса, эки достун көздөрү кыйшыкпы? Дегенибиз алар «Air Manas» деген жазууну бурмалап «Air MАNAS» деп жазып коюшкан. Анчалык болду «Жоки & Баха» деп жазып алса болмок...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости