www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 8-августта Жогорку Кеӊеште кезексиз сессия өттү. ЖК депутаттары кезексиз сессияда айтканы айты, айтпаганы да айтты, дегени деди. Кызыгы айрым депутаттар Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүрүп кырдаал ойку-кайкы болуп турса, Ички Иштер министри Кашкар Жунушалиевди "эшек" минип издеп жүргөнү таң калтырды. Мындай кырдаал оор учурда Кашкар Жунушалиев кашкайып төрдө отчет тапшырып олтуруш керек беле? Айрым депутаттар «мээңер» ордунда элеби?   

Эске сала кетсек бир нече депутаттардын сунушу менен 2019-жылдын 7-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылындагы окуяга байланыштуу, КР Конституциясынын 77-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 34-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, депутаттар кезексиз жыйынга чакырылган.

Кезексиз жыйынга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Өкмөт мүчөлөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.   

Тилекке каршы 7-8-августта Кой-Таштагы окуядан улам  90 дон ашуун адам жараланган. Бир жоокер каза таап, милиция кызматкери Самат Курманкулов оор абалда.   

Болуп өткөн окуяга кылмыш иши козголуп мурдагы президент камакка Атамбаев алынды.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости