www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы айларда ундун кымбатташы менен өлкөдө бир топ ун азыгынан жазалган тамак-аштар кымбаттап кеткени байкалган. Бирок, республика боюнча 2019-жылдын 4-октябрдан тарта 1-ноябрга чейин азык-түлүктүн кээ бир түрлөрүнө болгон баа төмөндөгөнүн адистер айтышууда. Мисалы:

- Кумшекер 1,31 сомго же 2,97%;

- Өсүмдүк майы 0,09 сомго же 0,10%;

- Кой эти 0,3 сомго же 0,09%;

- Картошка 1,07 сомго же 5,88%;

- Цемент 0,6 сомго же 0,20%.

Бирок, ундун баасы уламдан улам жогорулоодо. Ноябрь айынын биринчи аптасындагы мониторингге ылайык, Кыргызстанда жогорку жана биринчи сорттогу ундун баасы дагы жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. Буга чейин өкмөт жыл башынан бери биринчи сорттогу ундук килограммы 18,4 пайызга жогорулаганын айткан эле. Ушуп тапта жогорку сорттогу буудай уну Бишкек шаарында 39 сомсо, Ош шаарында 51 сомго, Ноокатта 50 сомго, Балыкчыда 45 сомго, Чаекте 36 сомго, Токтогулда 37 сомго, ал эми Баткенде 39 сомго бааланып жатат, - деп жазып чыкты "Факты.kg" гезити бүгүнкү чыккан санында.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости