www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кыргызстандын “Жаңы-Муун” командасы волейбол боюнча эркектер арасындагы эл аралык турнирде коло медалга ээ болду. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясы билдирди. 

Турнир Ташкентте өтүп, ага 3 мамлекеттин курама командалары жана Кыргызстандын “Жаңы-Муун” командасы катышкан. “Жаңы муун” үч жолу беттешке чыгып, Түркмөнстандын командасына 1:3, Өзбекстандын командасына 0:3 эсеби менен утулуп калган. Тажикстан курама командасы менен чыккан беттеште 3:2 эсеби менен утуп, коло медалга ээ болушту. 

Ошондой эле, Россиянын Камчатск крайындагы Петропаловск шаарында ардагерлер арасындагы турнир аяктады. Кыргызстандын курама командасы Хабаровск крайынын өкүлдөрүн утуп алган. Бирок, Камчатск командасына 0:2, Ыраакы Чыгыш федералдык округуна 1:2 эсеп менен жеңилип калып, алар да коло медалга ээ болушту. 


Булак: NazarNews.kg

Последние новости