www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-ноябрь күнү Кытайлык ишкер Айэркен Саймаити аттуу жаран Түркияда киши колдуу болуп каза тапты. Ал, 2016-жылдан тарта алдамчылык жана ири кылмыштар боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн эле. Кыргызстанда талкуу жараткан Айэркен Саймаитиге кол салуу болгон учурда, ал Кыргызстандын Түркиянын Стамбул Башкы консулдугунун дипломаттык номери тагылган Range Rover үлгүсүндөгү унаа менен жүргөнүн түркиялык сайттар жарыялашты. Эл аралык издөөгө алынган кылмышкер кантип Кыргызстандын Түркиядагы өкүлчүлүгүнүн дипломаттык номерине ээлик кылып калганы боюнча суроо жаралды.

Бул унаа боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги Стамбулдагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулуна билдирүү жөнөткөнүн билдирген. Бирок, дагы деле маалымат бере албай жатат. Бул коомчулук арасында түрдүү талкууга, божомолдорго жем таштады.

Биз болсо маалымат алып келе турган чабарманы кечигип жатат окшойт деп ойлоп калдык.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости