www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ТАЛАСТЫ ТАЛКАЛООНУН ТАРЫХЫЙ КҮНҮ
Таластагы Жерүй кенинде алтын казуу аракетинин башталышы катары биринчи жардыруу ишин ишке ашырды.
Бул күн Таластагы таза аймакты, касиеттүү Манас атабыздын ыйык жерин, Айтматовдун апачык ааламын талкалоонун биринчи күнү. Эл ойлобос эрендердин башкы байлык Эл, алардын саламаттыгы, балдардын келечеги таза экология, таза шыңгыр суу экенин түшүнбөгөндүктөрүнүн тарыхый күнү. Улам мурунку акылсыз бийлигинин кетирген кемчилигинин айынан, чиелешкен коррупциялык аракеттердин сазына баткан арсыз аракетке, азыркы адал сынган бийлик деле, кул мүнөз кейпинен жанбай, Эл эртеңин ойлобой бир аймактын элинин бактысына балта чабаар Жерүй кенин иштетүүгө жол берди.
Биздин наалаттар эч нерсе эмес. Ата-бабалардын наалаты, Жер Эне ыйы, Жараткандын жакшы көрбөс кусуру күчтүү болоор. Ушул кезде биз ата-бабалар калтырган ыйык жерди, жаратылышты, Жараткандын берген белеги бойдон сактап келгенине ыраазычылык айтып, аларды мактап келебиз. Аларды тарых кылып эскерип, эстүүлүктөрүнө айтаар алкышыбыз чексиз. А бизди кийинки муун кантип эскерээр экен? "Ата-бабалар бизди жок кылышмак, ууру-кески, керт башынан башканы ойлобогон, арсыздар, табиятты талкалап тукум курут кылышмак"- деп эскереби? Бул күндөр да өтөөр. Казып алтын алгандар да кетээр. Босогоңдо боздогон мунжу балаң, неберең тураар. Алтымышты аяк баспай ата-энең ооруудан баш көтөрбөй, көз жашың көлдөөрсүң кыргыз. Бул факты. Ал алдыда болот. Дал ушул Жерүй үчүн. Бул улуу Тоолор, тунук суулар, таптаза аба сага 100 миллион эмес, 100 миллиардыңдын да арзыбай калаарын акыры сездирет. Баары кеч болуп калды дегендер көп экен. Таң бердим. Сенин өмүрүңдүн эртеңкиси кеч боло элекпи, анда эмнеге кеч болуп калышы мүмкүн?, - деп жазып чыкты журналист Күнболот Момоконов Фейсбуктагы өздүк баракчасына.
Күнболот Момоконов
(текст өзгөртүүсүз берилди)
Булак:NazarNews.kg