www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жер-жерлерде дыйкандар өндүргөн продукцияларын баасын чыгарып сата албай жатат. Маселен, таласта фасоль арзандан кетти. Баасы жогоруламак турсун күндөн күнгө түшүп жатат. Көлдө болсо, көлдүн картошкасын алган аларман жок, Чүйдө болсо капуста, сарымсак өтпөй турат. дыйкандын мээнети кайтпай, элдин абалы оорлоп баратат. Айыл чарба министри дыйкандардын мээнетин актала турган жол издемек тургай ойлонгон жок.

Өзбектер Россия мамлекети менен келмшим түзүп, картошканы ошол жактан алып жатышат. Казактар алмасын Россияга экспорттоп жатышат. Бажы союзуна кирсек эле баары ойдогудай болот. Турмуш жеңилдейт, арзанчылык орун алат дешти эле го.

Кана арзанчылык, кана жыргалчылык?..

Өзбектерге өндүргөн продукциябызды сата албасак, анда неге чекараны ачтык?

Россияга жашылча жемиштерибизди сата албасак, Бажы союзуна неге кирдик?

Качанга чейин дыйкандардын мээнетинин акыбети кайтпай жашашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости