www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын батыш тарабындагы Керманшах аймагында болуп өткөн жер титирөөдөн жабыр тарткандардын саны 550гө жетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат кызматтары билдирүүдө.

Буга чейин провинциядагы үч шаарда Гилянгарб, Касре Ширин жана Сере-Поле-Захобдо 361 адам жаракат алганы айтылган. Ирактын Rudaw телеканалы маалымдагандай, Ирактын Курдистанында дагы 43 киши жабыркаган.

Белгилей кетсек, күчү 6,3 магнитудага жеткен силкинүү жекшемби күнү Иран-Ирак чек арасынын аймагында катталган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости