www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги профессор Каныбек Осмоналиевди кепке тартып,  саясий жана мекенчил күчтөр уюштурган курултайдын резолюциясындагы айрым жагдайлар  боюнча ой бөлүштүк. 

-Каныбек агай, мекенчил жана саясий күчтөр уюштурган курултайда конституцияны алмаштыруу маселеси көтөрүлүп, резолюцияга кириптир. Дагы Конституция кабыл алсак, Сооронбай Жээнбеков мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ыйгарым укуктарын жогорулатып албайбы?

- Өзү 2020 -жылы азыркы Конституция жаңы редакцияда кабыл алынышы күтүлгөн эле иш. Муну 2010 -жылы эле айтышып, Конституциянын өзүндө белиленген. Ортодон эле 2016- жылы өзгөртүүнү мыйзамсыз киргизип алышпадыбы. Бул мамлекеттик төңкөрүш менен эле шайкеш болуп калды. Эмки Конституциялык реформа элдин чыныгы бийлик ээси экендигин тастыктаган алгачкы - 1993 жылкы редакциясына алынып келинсе туура болоор эле! Президент Сооронбай Жээнбековго андай зарылчылык жок. Ыйгарым укуктарын көбөйтүп алса, аягы эмне болоорун ал кыраакы инсан түшүнүп турса керек! Андан көрө экономикалык рычагдарды күчөтүп, жаратмандык аракеттерге өбөлгө түзө турган жоболорго көңүл буруусу зарыл.

-Курултайда экс-президент Атамбаевдин да кол тийбестигинен ажыратып, жоопко тартылышы керек деген да маселе көтөрүлдү. Жээнбеков эми Атамбаевдин бар былыгынын баарын чукуп чыгып, жоопко тартууга киришеби?

-Кечээги курултай абдан резонанстуу өттү. Экс-президентке жүйөлүү эле дооматтар айтылды. Айрыкча, экономикалык кылмыштар жана бийликти узурпациялоо боюнча. 2012-жылы декабрда ЖКда КСДП боюнча "Асман пресс" аркылуу узурпация кылбаңыздар. Кийин жооп бере турган күндөр дагы бар"! -деп айткан жайым бар. Азыр ошондой күндөр келди окшойт. Ким күнөөлү болсо, сотто жооп берет. Буга азыркы президент киришпей турганы жакшы жөрөлгө. Эл түшүнүү менен кабыл алып турат. Бул идиллия чындыкка жол ачат. Атамбаевдин күнөөсү болсо, сот гана аныктап, баа бериши абзел. Бир кылмышты экинчи кылмыш жолу менен соттоо эң опурталдуу нерсе.

Негизи, Дача-Суу, ТЭЦ, Тарых музейи, альтернативалуу автожол, ж.б. чуулгандуу маселелерге мыйзам чегинде юридикалык баа берилишин эл күтүп, талап кылып жатат, да! Курултайда ошондой талаптар катуу коюлду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости