www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айылдык кеңештин экс-депутаты түрмөгө кесилди

Базар-Коргон районунун айылдык кеңешинин биринин мурдагы депутатына баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мурда маалымдалгандай, КР УКМК 2020-жылдын 30-октябрь күнү Жалал-Абад шаарында уруксатсыз митингдин уюштуруучуларынын бири болуп, эл алдында Орто Азия өлкөлөрүнүн аймагында «Ислам Халифатын» орнотуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келген ойлорун айткан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310- беренесинин 1-бөлүгү жана 313-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кылмыш жасаган деген айып менен 2020-жылдын ноябрь айында «М.А.Т.» аттуу жаранды кармаган.

Белгилүү болгондой, «М.А.Т.» кармалганга чейин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун айылдык кеңешинин биринин депутаты, «Солдат» каймана аты бар «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү болгон. 2021-жылдын 16-июлунда Жалал-Абад шаардык сотунун чечими боюнча 3 жылга чейин белгилүү кызматтарды ээлөөбөө менен 5 жылга эркинен ажыратылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости