www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттарынын деңгээли жылдан-жылга ар бир чакырылыш сайын төмөн түшүп кеткени коомчулукта көптөн бери айтылып келет. Ошондон улам, эл ичинде Жогорку Кеңешти артист, куудулдар иштеген концерт көргөн сахна катары кабылдап калгандар жок эмес. Ал түгүл ачык эле сынга алып, мыскылдагандар арбын.

Мына ошол себептен, Курултай тууралуу мыйзам долбоорун парламенттен өткөрө албай жүргөн Чолпонбек Абыкеев “кокус бир нерсе болуп, мамлекетте төңкөрүш болуп кете турган болсо, Жогорку Кеңеш силер эч нерсе чечпейсиңер, курултайчылар чогулуп маселени биз чечебиз” деген өңүттөгү жыландын башын кылтыйтып жатат да...

Минтип тизгин талашууга Айбек Осмонов өңдүү ойду-тоону сүйлөп, депутаттардын кадырын кетиргендердин салымы чоң.

Айталы, башкасы бүтүп, ушул эле жетишпей жаткансып “журналисттер позитив жазгыла, элдин маанайын бузбай, силердин кесепетиңерден эл күлбөй калышты”, - дегенди айтып “дөөрүп” отурат...

Мынча болгон соң, өзү көтөргөн маселенин өтөөсүнө чыгып, баарын биротоло шок кылып: "Журналисттер мындан кийин маалымат эмес, элди күлдүргөн анекдот, мыскыл жана тамаша жазышсын", - деген мыйзам токуп салбайбы.... Элдин маанайы ачылып, күлкүдөн ооздору жыйылбай позитивде жашап калсын... Деги логика деген иштейби?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости