www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазаларды аткаруу кызматы соттолгон активист Мелис Аспековдун абактан чыгышы боюнча түшүндүрмө берди.
Маалым болгондой, былтыр 23-мартта Аспеков Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208 жана 204-беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылган.
Ошол эле жылы 5-июлда иш Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун 204-берене боюнча өкүмү өзгөртүлгөн. Аспеков 6 жылга соттолгон.
Анын жаза өтөө мөөнөтү 2021-жылдын 9-январынан тарта эсептелген.
Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 23-майындагы «Соттолгондорго ырайым берүү жөнүндө» жарлыгы менен Аспековдун жазаа мөөнөтү 3 жыл 8 айга кыскартылган.
23-майда Аспеков Молдовановкадагы №27 абактан бошотулган.
Жазаларды аткаруу кызматы билдиргендей, Аспеков 2021-жылдын январынан бери 2 жыл 4 ай 14 күн камакта болгон. Анын камактагы убактысы 3 жыл 8 айга кыскартылгандыктан, Аспеков 6 жылдык жаза мөөнөтүн өтөдү деп эсептелген.
Эскерте кетсек, мыйзамга ылайык президент соттолгон жарандарга ырайым берүү укугу бар. Ырайым алуу үчүн соттолгон жаран президенттин атына өтүнүч менен кайрылат.
Булак: NazarNews.kg