www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чолпон-Ата шаарынын кире беришинде стационардык «Авто Ураган» программалык-аппараттык комплекси иштей баштады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Стационардык комплекс туристтик сезондо кырсыктардын алдын алуу жана коопсуздукту жакшыртуу максатында ишке киргизилгени айтылат.
«Бул аппараттык комплекстин жардамы менен МАИ кызматкерлери буга чейин ар кандай жол эрежесин бузган беш унааны аныктаган. Унаалар айып аянтчасына коюлду», — деп билдиришти башкармалыктан. Стационардык аппараттык-программалык комплекс төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
- издөөдө жүргөн адамдар;
- айып пулдарды өз убагында төлөбөгөндөрдү;
- ылдамдыкты жогорулаткандаржы жана башка мыйзам бузууларды.
25-июнда Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда стационардык программалык-аппараттык комплекс ишке киргизилгенин Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы эскертти.
Булак: NazarNews.kg