www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшанын өкмөтү өзүнүн территориясында ядролук куралды жайгаштыруу үчүн АКШга жана НАТОго кайрылууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу 30-июнда Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки Брюсселдеги маалымат жыйынында билдирди.
"Орусия Беларуста тактикалык өзөктүк куралды жайгаштырууга ниеттенип жаткандыгына байланыштуу, биз НАТОнун бүткүл блогун өзөктүк куралды бөлүшүү (Nuclear Sharing) программасына катышууну суранабыз", - деди ал.
Варшава АКШнын өзөктүк куралын өз аймагында жайгаштырууга кызыкдар, бирок акыркы чечим АКШ менен НАТОго жараша болот, деди Моравецки.
Nuclear Sharing - НАТОнун концепциясы, ал альянстын өзөктүк куралы жок өлкөлөрүнө өзөктүк куралды пландаштырууга жана жеткирүүгө катышууга мүмкүндүк берет.
Булак: NazarNews.kg