www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа Биримдиги Швецияда Курандын өрттөлүшүн айыптап, бирок сөз эркиндигин коргой турганын билдирди. Бул тууралуу 1-июлда Евробиримдиктин сайтында маалымдалды.
«Бул акт эч кандай түрдө Евробиримдиктин көз карашын чагылдырбайт. Куранды же башка ыйык китепти өрттөө – кемсинтүү, сыйлабастык жана ачык чагымчылдык. Расизмдин, ксенофобиянын жана ага байланыштуу сабырсыздыктын көрүнүштөрүнө Европада орун жок.
Билдирүүдө мындай жорук мусулмандардын Курман айт майрамы күнү жасалганы, бул иш-аракетти ого бетер акарат кылганы баса белгиленген.
Буга чейин, 29-июнда Ирак бийликтери Швециядан Куранды өрттөгөн ирактык иммигранттарды соттош үчүн экстрадициялоону талап кылган. Ыйык китепти өрттөө акциясы 28-июнда Стокгольмдогу мечитте, мусулмандардын негизги майрамынын биринчи күнүндө өткөн. Кийинчерээк буга макулдукту Швециянын полициясы бергени белгилүү болгон.
Булак: NazarNews.kg