www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциянын лидери Эммануэль Макрон Франциядагы нааразылык акцияларынан улам Германияга болгон мамлекеттик сапарын жылдырды. Бул тууралуу 1-июлда Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин кеңсеси билдирди.
"Франциянын президенти Макрон бүгүн президент Штайнмайерге телефон чалып, өлкөдөгү кырдаал боюнча маалымат берди. Президент Макрон Германияга пландалган мамлекеттик сапарын кийинкиге жылдырууну суранды", - деп айтылат билдирүүдө.
Штайнмайер Макрондун сапарынын кийинкиге калтырылганына өкүнүп, бирок бул чечимди толук түшүнөөрүн белгиледи.
Францияда массалык баш аламандыктар 27-июнь күнү эртең менен Париждин четиндеги Нантер шаарында полиция 17 жаштагы өспүрүмдү текшерип жатканда атып салгандан кийин башталган. Полиция жаш жигит алардын талаптарын аткаруудан баш тартканын билдиришкен.
Нааразылык акциялары бүт өлкөнү каптады. Жаштар унааларды, милициянын жана жергиликтүү бийликтин имараттарын өрттөшкөн. Кээ бир аймактарга атайын күчтөрдү жайгаштырууга туура келип, оор техникалар жана тик учактар колдонулду.
Зордук-зомбулук уланып жаткан маалда президент Эммануэль Макрон министрликтер аралык кризистик топту чакырды. Ал бул окуяны «түшүндүрүлгүс жана акталгыс» деп атап, жигиттин өлүмүн эч нерсе актабай турганын кошумчалады. Премьер-министр Элизабет Борн полиция "чектен тышкаркы" аракет кылганын айтса, өкмөттүн басма сөз катчысы Оливье Веран маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
Булак: NazarNews.kg