www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 29 жаштагы жаранына “айдоочулук күбөлүк алып беремин” деп убадалап, 100 миң сом акча каражатын алып койгон жаран кармалды.
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына кайрылган аял ушул жылдын апрель айынын алгачкы күндөрү жалгандан өзүнүн ишеничтүү тааныштары бар экендигин айтып жана тез арада мамлекеттик “Унаа” ишканасынан автоунааларды айдап журүугө уруксат берген айдоочулук күбөлукту алып берүүнүн убадалап, адегенде 50 миң сом, кийинчерээк калган 50 миң сом сумманы алып, бирок убадасын аткарбай койгондугун билдирген. Ош ШИИБдин ЭММКАК кызматкерлери тарабынан кечээ 21-апрель күнү бул окуяга тиешелүү Ноокат районунда туулган, Ош шаарынын аймагында жашаган Ж.А. аттуу 1997-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин алдамчылык (209-берене) беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери журүп жатат.
Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына караганда шектүүнүн азыркы, акыркы паспортун алмаштыргандагы аты-жөнү Ж.А. болгон. Алгачкы аты жонү З.Д. (Достон) болгон. Мурда бир нече жолу алдамчылык иштери боюнча бир нече эпизод кылмыштары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Алдамчылык – убактылуу пайда алып келгендей көрүнгөнү менен, анын акыры сөзсүз жоопкерчиликке алып келет. Мыйзамды айланып өтөм деген аракеттер узакка барбайт, ар бир мыйзамсыз иш акыры ачылат. Оңой жол менен табылган каражат туруктуу ийгилик алып келбейт.
Шектүүнүн баш коргоо чарасы эртен Ош шаардык сотунда каралат. Шектүүдөн жабыркагандар болсо 0509-00-00-06, 0556-15-10-10
Сүрөттө: Шектүү.