www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айланма жолдо катталган жол кырсык боюнча Бишкек ШИИБден маалымат беришти.
Маалыматка караганда, 5-май күнү саат 18:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 19-чакырымында айдоочу жүк ташуучу Мерседес-Бенц Спринтер унаасы менен чыгыш тарапты көздөй бара жатып, 1990-жылы туулган жаран башкарып бара жаткан Мерседес-Бенц Спринтер жүргүнчүлөр транспорту менен сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 15 адам, анын ичинде 3 бала жабыркаган. Бардык жабыркагандар аймактык ооруканаларга жаткырылган.
Бул факты Бишкек ШИИБге катталып, бардык керектүү экспертизалар дайындалган. Унаалар айып токтотуучу жайга киргизилген.