www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
«15-апрелде интернет тармагына карата жүргүзүлгөн маниторинг учурунда Айтилек Орозбеков аттуу Ютуб каналы аркылуу улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы таратылып жаткандыгы аныкталып, бул баракчанын кайрылусу текшерүүгө алынып, соттук экспертизага жөнөтүлгөн.
Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жогорудагы Ютуб каналда улуттар аралык кастыкты козутууну пропагандалоо белгилери камтылгандыгы тастыкталып, 330-берененин негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Айтилек Орозбеков аттуу жаран 50дөн ашык мекемени өзүм билемдик менен текшерүүгө алып, бир тараптуу жыйынтык чыгарып, улуттар аралык кастыкты козутуу белгилеринин негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп келгендиги аныкталган жана ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшүндө жарандын буга чейин да (массалык башаламандык фактысы боюнча) соттолгондугу бар экени такталган.
6-майда жогорудагы кылмыш ишинин негизинде 1995-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда окуя боюнча тергөө амалдары уланууда»,— деп айтылат маалыматта.