www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия Пакистанды ракета менен аткылады

Индия Пакистанга жана Кашмирдин Пакистан көзөмөлдөгөн аймактарына сокку урганын билдирди.

«Индиянын куралдуу күчтөрү Пакистан жана Пакистан басып алган Жамму жана Кашмирдеги «Синдур» операциясын баштады, ал жерден Индияга каршы террордук чабуулдар пландаштырылып, башталган», — деп айтылат билдирүүдө.

Индиянын расмий өкүлдөрү ракеталык соккулар согушкерлер менен байланышы бар тогуз бутага тийгенин айтышса, Пакистан бийлиги муну четке кагып, соккулар террористтерге эмес, карапайым калк жашаган аймактарга жасалганын билдирди.

Пакистан Индиянын соккуларынын кесепетинен сегиз киши каза болуп, 35и жаракат алганын, экөө дайынсыз жоголгондугун билдирди. Пакистан армиясынын басма сөз катчысы Ахмед Шариф Би-Би-Сиге билдиргендей, каза болгондордун арасында эки бала бар.

Индия тарап Пакистандын армиясы Кашмирден аткылаганын билдирди. 

Последние новости