www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бөлөк жактан келген унаалар үчүн шаардын кире беришине «ловушкаларды» койгула. Бул тууралуу Министрер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, 20-январда, республикалык кеңешмеде ыш маселеси тууралуу айтып жатып билдирди.

Анын айтымында, келерки кыштан тарта Бишкекте дүйшөмбү күнү так сандуу унаалар гана жүрүшү керек.

Жыйында Жапаров Бишкек аркылуу транзит менен жүргөн унаалар шаарды айланып өтүшү керектигин айтты.

«Эмки кыштан баштап, биринчи күнү так сандуу унаалар гана жүрсүн. ИИМ, Транспорт министрлиги, мэрия Бишкектин тургундарынын канча унаасы бар экенин тактап, аныктап чыккалы. Бөлөк жактан келген унаалар үчүн шаардын кире беришине «ловушкаларды» койгула. 1,5 миң автобус алсак, шаардын кире беришине унааларын токтотуп, шаарга автобус менен кириш керек. Канча киши шаарга келсе, ар бири бирден унаа айдап келет», — деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости