www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбан Айпери Медет кызы Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.

Айпери Медет кызы 16-24-сентябрда Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына 76 килограмм чейинки салмактык категорияда 1/16 финалынан тарта катыша баштады.

Эске салсак, кыргыз балбаны биринчи беттеште румыниялык спортчу Каталина Аксентени 11:0 эсебинде жеңип, 1/8 финалга чыккан.

Экинчи беттешинде кыргыз балбаны нейтралдык желек менен чыккан спортчу Анастасия Зимянкованы 44 секунддун ичинде 10:0 эсеби менен утту. Азырынча спортчунун чейрек финалдагы атаандашынын ысымы белгилүү боло элек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости