www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укукчу жана адвокат Ахунбай Кошоев: Акыркы мезгилде тартип коргоо органдары ишкерлик чөйрөдөгү мыйзам бузууларды жаап же жаңы кылмыштарга жол ачып, өздөрү акча өндүрүп, «ишкерлерге» айланып кетти. Мисалга, «Пролифт Азия» деген ишкана жаңы курулган имараттарга лифт орнотуп берген, бирок имараттардын ээси 100 миң доллардан ашыгыраак акчасын төлөбөй койгон. Кылмыш иши ачылаар алдында Октябрь районунун тергөөчүсү Алтынбек менен прокурор Кубанычбек Нуруллаев «Толман строй» деген компаниянын жетекчиси Нурланбек Акимовду Кыргызстандан качырып жиберген сыяктуу.

Финпол жоюлгандан кийин, анын бир топ кызматкери негедир «Тазалык» ишканасына иштеп калыптыр. Алар калдыктарды чогулта турган контейнерлерди орнотуу боюнча түркиялык бир ишкана менен келишим түзөт, бирок шаардык прокуратуранын каттары менен иш создуктурулат, кийин болсо «Тазалыктын» жетекчиси Рамиз Алиев – жумуш өз мөөнөтүндө бүткөн жок деп, 2 млн долларга жакын жарым акчаны түрктөргө төлөбөй жатат деген сөздөр айтылууда.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы түркиялык ишкерлер менен келишим түзүп, алтын иштетүүчү ишкана курабыз дейт, алар 13,8 млн доллар алып келип, долбоорго салат, бирок ишкана да толук бүтпөйт, акча дагы түрктөргө кайтарылбайт. Ошол эле Курсан Асановдун дагы бир жакыны «Ихсан» курулуш компаниясын жетектеп, турак жай курулушуна акча салган жарандарга батир бере албагандыктан, бир нече айдан бери камакта...

Последние новости