www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Муну менен ал 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына Кыргызстан үчүн алгачкы жолдомону камсыз кылды.

Балбан кыз жарым финалда колумбиялык Татьяна Ринтерианын заматта эле далысын жерге басып таза жеңиш менен утту. Ал экөө U23 дүйнө чемпионатынын финалында дагы жолуккан, анда Айпери утуп чемпион аталган.

Эми кыргызстандык спортчу алтын медаль үчүн япониялык балбан менен күрөшөт.

Эске салсак, Айпери Медет кызы буга чейин атаандаштарына бир да упай бербей утуп чыккан.

Алгачкы күрөшүндө румыниялык Каталина Аксентени 11:0, беларустук Анастасия Зимянкованы 10:0, канадалык Жастина Ди Стассиону 11:0 эсеби менен жеңген.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости