www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогуна катышат

Кыргызстандык үч балбан 10-11-декабрда АКШнын Коралвилл шаарында өтө турган кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу United World Wrestling уюму билдирди.

Кыз-келиндер күрөшүндө Айсулуу Тыныбекова (62 кг), ал эми эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев (70 кг) жана Арсалан Будажапов (79 кг) катышат. Алар аталган мелдешке дүйнөлүк курама команданын катарында күрөшөт.

Дүйнө кубогу – United World Wrestling уюму тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү командалык мелдеш. Ал жылда Дүйнө чемпионатынан кийин өткөрүлөт. Ага Дүйнө биринчилигинде жалпы эсепте алдыңкы беш орунду ээлеген командалар, андан тышкары, алтынчы болуп ар кайсы өлкөнүн балбандарынан түзүлгөн дүйнөлүк команда катышат. Анын курамына кире турган спортчуларды уюм өзү тандайт.

Быйыл Сербияда өткөн Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова бешинчи орунду ээлеген, ал эми Эрназар Акматалиев менен Арсалан Будажапов коло байге тагынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости